Биз социалдык тармакта

Венесуэланын президентинин уулу атасынын өлкөгө кайтып келерине ишенет

АКШнын атайын күчтөрү тарабынан туткунга алынган Венесуэланын президенти Николас Мадуро мекенине кайтып келерине анын уулу, Венесуэла парламентинин депутаты Николас Мадуро Герра ишенет.

"Эртеби-кечпи, ал кайра биз менен болот. Бул Венесуэлада да, чет өлкөлөрдө да элибиздин биримдигинин аркасында ишке ашат",- деди ал парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Ал ошондой эле Жогорку Соттун чечимине ылайык, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштей турган Делси Родригести толук колдой турганын билдирген.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. Аларга курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан