Биз социалдык тармакта

Николас Мадуро кандай адвокат жалдаганы белгилүү болду

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы сот 5-январда Венесуэланын мурдагы президенти Николас Мадуронун иши боюнча алгачкы сот жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Fox News телеканалы жазды.

Соттун чечими менен Николас Мадуро 17-мартта өтүүчү кийинки сот отурумуна жеке өзү катышууга милдеттендирилди. Ишти кароо улантылат.

Николас Мадуро Вашингтондон адвокат жалдаганы белгилүү болду. Ал буга чейин WikiLeaks уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды бошотууга көмөк көрсөткөн адвокат Барри Поллак.

Жулиан Ассанж WikiLeaks уюму Ооганстан жана Ирактагы аскердик кампаниялар тууралуу миңдеген документтерди, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин жашыруун материалдарын жарыялагандан кийин дүйнөгө таанымал болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан