Венесуэланын президенти Николас Мадурону Каракаста кармоо операциясына 200гө жакын америкалык аскер катышып, алардын бири да каза тапкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Пентагондун башчысы Пит Хегсеттин билдирүүсүнө таянып жазышты.
"Биздин 200гө жакын эң мыкты аскерлерибиз Каракастын борборуна кирип, мыйзамдын сакталышын камсыз кылуу үчүн америкалык укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн кишини колго түшүрүштү",- деген ал Ньюпорт Ньюс шаарындагы деңиз флотунун кеме куруучу заводунда сүйлөп жатып.
Өткөн жуманын аягында америкалык күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону Каракаста кармап, АКШга алып чыгып кетишкен. Ага курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.