Биз социалдык тармакта

Бишкекте 23 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 23 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган аял киши WhatsApp аркылуу байланышкан бейтааныш адам ишенимине кирип, кумшекер жеткирип берүүнү убадалап, 551 сомун котортуп алганын айткан. Ал акча которулган соң байланышты үзгөн.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан