Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин айтымында, АКШнын Гренландияга дооматы НАТОнун кулашына алып келиши мүмкүн.
"Эгер АКШ НАТОнун башка өлкөсүнө каршы аскердик күч колдонууну чечсе, анда баары токтойт",- дейт ал.
Гренландиянын премьер-министри Йенс Фредерик Нильсен да эгер АКШ Гренландияга каршы кандайдыр бир аскердик чараларды көрсө, анын кесепеттери катастрофалык болорун эскертти.
Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландия аралын Кошмо Штаттарга кошуу керектигин кайталап келет.