Биз социалдык тармакта

Кытай Латын Америкасында тынчтыкты сактоого даяр экенин билдирди

Кытай Латын Америкасында жана Кариб деңизинде тынчтыкты, туруктуулукту колдоого даяр. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Пекин Венесуэланын өкмөтүн, элин, ал өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн корголушун колдой турганын белгилеген.

"Кытай Латын Америкасында жана Кариб деңизинде тынчтыкты жана туруктуулукту биргелешип коргоо үчүн аймактагы өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен кызматташууга даяр", - деп кошумчалаган ал.

Өткөн жуманын аягында америкалык күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону Каракаста кармап, АКШга алып чыгып кетишкен. Ага курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан