Биз социалдык тармакта

Telegraph: Трамптын администрациясынын Венесуэла боюнча мындан аркы планы жок

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Венесуэланын президенти Николас Мадуронун уурдалышынан кийин ал өлкөгө карата андан аркы аракеттерди пландай элек. Бул тууралуу британиялык The Daily Telegraph басылмасы булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. Аларга курал-жарак сактоо жана маңзат аткезчилиги боюнча айып тагылууда.

5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан