Биз социалдык тармакта

Кайыңдыда киши бычактоого шектелген жаран кармалды

Кайыңды шаарында бейбаштыкка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 5-январда болжол менен саат 06:00 чамасында дүкөндөрдүн биринин жанынан 53 жаштагы кишини бир нече жолу бычак менен сайып, качып кеткен. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү колго түшүп, 2 айга камакка алынган. Тергөөдө ал аталган кылмышты мас абалында жасагандыгы аныкталган.
Учурда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан