Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен күрттөр жетектеген Сирия демократиялык күчтөрүнүн ортосунда Алепподо кайрадан кагылышуулар жүрүп жатканын Associated Press жазып чыкты.
Буга чейин Сириянын маалымат министрлиги Алепподо чектелүү аскердик операциянын башталарын жарыялаган. Министрлик акыркы айларда СДКнын кол салууларында 25 аскер жана 20дан ашуун жай тургун набыт болгонун билдирген.
Өткөн жылдын декабрь айынын аягында Алепподо күрттөр менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болгон. Эки тарап тең бири-бирин кырдаалды курчутуп жатат деп айыпташкан. Бирок 23-декабрда ок атышууну токтотууга макул болушкан.