АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун 66 эл аралык уюмдан чыгуусу боюнча меморандумга кол койгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Документ БУУнун 31 түзүмү жана БУУга кирбеген 35 уюм менен кызматташууну токтотууну карайт. Ошондой эле Вашингтондун аларды каржылоосуна тыюу салынат.
Ак үй бул уюмдардан чыгуу АКШнын улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга коюу жана бюджеттик чыгымдарды кыскартуу максатын көздөөрүн белгилеген. Бирок аталган уюмдардын тизмеси Ак үйдүн сайтында көрсөтүлгөн эмес.