Биз социалдык тармакта

Трамп Орусия менен Кытай НАТОдон АКШ үчүн гана коркушарын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Кытай НАТОдон АКШ үчүн гана коркушарын билдирди.

"Орусия менен Кытай АКШсыз НАТОдон коркушпайт. Мен НАТОнун калган бөлүгү бизге керек болгон учурда жардам береринен күмөнүм бар. Алардын баары мен биринчи мөөнөтүмдүн ичинде америкалык аскерлерди калыбына келтиргеним үчүн абдан ыраазы болушкан.

Биз НАТОну ар дайым колдойбуз. Ал эми Кытай менен Орусия корккон жана урматтаган жалгыз мамлекет - бул Дональд Трамп кайра курган АКШ",- деп жазды ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасында.

Америкалык лидер ошондой эле анын жеке кийлигишүүсү болбосо, Орусия бүт Украинаны басып алмак деген пикирин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан