Кечээ, 21-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Минскте өтүп жаткан “Өнүктүрүү кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде Украинага ири эсепте утулду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 40 мүнөттөн 2 тайм ойнолгон Кыргызстан-Украина беттешинде украиналыктар 5 гол киргизип, жеңишке жетишишти. Кыргызстандык футболчулар гол менен жооп кайтара алышкан жок.
Кыргыз футболчулары эми 9-12-орун үчүн оюн өткөрүүнү улантышат.