“Шериктештик кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде Тамирлан Козубаев капитандык милдетти аткарат

24-январда Орусияда старт ала турган “Шериктештик кубогу-2014” эл аралык мелдешинде 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасынын капитаны Тамирлан Козубаев болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лидерлик сапатка ээ болгон футболчу капитандык милдетти так аткарып, машыктыруучунун тапшырмаларын оюнчулар менен аткарууда чоң роль ойнойт. Андан тышкары капитандык милдет жүктөлгөн оюнчуну команданын калган мүчөлөрү да угат. Башкы машыктыруучу Анарбек Ормонбековдун айтымында, “Алга” футболдук клубунун коргоочусу Тамирлан Козубаевдин оюну Бишкекте жана Катарда өткөн машыгуу сборлорунун алкагында машыктыруучунун купулуна толгон.   

Эске салсак, жаштар курама командасы Катарда машыгуу сборун 22-январда жыйынтыктап, Орусияны көздөй сапар алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-Oligarh
2014-01-21 17:53:23
Намысты бербегиле азаматтар.
0
NurbekKG
2014-01-21 20:19:38
Алга Кыргызстан, бир биздин башыбыз бийик көтөрүлсүнчү. Чемпион болбосо да, орунга илешип келгилечи сураныч.
0
Leo95
2014-01-22 02:24:04
Азаматсын капитандыка татыктуу бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан