Белгилүү казакстандык блогер Кайсар Камзага издөө жарыяланды. Бул тууралуу казак медиалары билдиришүүдө.
Маалыматка ылайык, Камза Кайсар Бакытжанович издөөдө деп 10-январда катталган. Издөө иштерин Астана шаарындагы өлкөнүн Финансылык мониторинг агенттигинин Экономикалык тергөө департаменти жүргүзүүдө.
Тиешелүү маалымат укук статистикасы жана атайын эсептер палатасына жарыяланган.
Эске салсак, блогердин Instagram баракчасында 2 миллион 400 миң катталуучусу бар. Ага 2025-жылы өлкөнүн Туризм жана спорт министрлиги мыйзамсыз онлайн оюндарды өткөргөндүгү үчүн 1 миллион 167 миң 600 теңге өлчөмүндө айып салган.