Ички иштер министрлиги "Бишкекте жолдон өтүп бара жаткан жаранды милиция кызматкери түртүп жиберди" деген маалыматтар боюнча билдирүү жасады.
Министрлик оор кылмышты жасоого шектелип кармалган адамды куралдуу күзөт менен алып өтүүгө байланыштуу милиция кызматкерлерине жолду тазалоо тапшырмасы коюлганын белгиледи. Ошол учурда милиция кызматкери мыйзамдуу талапка баш ийбей жолдон өтүүгө аракет кылган адамды жол четине чыгаруу аракетин көргөн. Бирок жаран тең салмактуулугун жоготуп жыгылган. Окуяга күбө болгон жарандардын бири аны дароо коопсуз жерге алып чыккан.
Буга чейин социалдык тармактарда "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкери жаранды түртүп кулатты" деген видео тараган болчу.