Режиссёр Пол Томас Андерсон "Кармаш артынан кармаш" тасмасы үчүн "Мыкты режиссёр" жана "Мыкты сценарий" наамы боюнча "Алтын глобус" сыйлыгын жеңип алды.
"Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи кечээ, 11-январда Лос-Анжелесте өттү.
Аталган тасмада роль жараткан актриса Тияна Тейлор "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына татыды. Тасма өзү "Мыкты көркөм фильм – мюзикл же комедия" номинациясын алды.