Биз социалдык тармакта

Трамптын уулу бүтүндөй Батыштын коопсуздугу Гренландиядан көз каранды экенин билдирди

Гренландия АКШ үчүн гана эмес, бардык Батыш өлкөлөрү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу АКШнын президентинин уулу Эрик Трамп Al-Arabiya телеканалына берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Гренландия көптөгөн глобалдык себептерден, көптөгөн коопсуздук себептеринен улам АКШ үчүн гана эмес, бүтүндөй Батыш дүйнөсү үчүн стратегиялык жактан маанилүү", - деген ал.

Буга чейин президент Дональд Трамп АКШга коргонуу максатында Гренландия керек экенин билдирген. Ал Гренландияны Кошмо Штаттарга кошуу керектигин кайталап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан