Биз социалдык тармакта

Трамп Ирандагы митингчилерди мекемелерди басып алууга чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы нааразычылык акцияларынын катышуучуларына кайрылды.

"Ирандык патриоттор, нааразычылык акцияларын уланткыла, мекемелериңерди басып алгыла! Киши өлтүргүчтөрдүн жана зордукчулардын аттарын сактап калгыла.

Мен нааразычылык акцияларынын катышуучуларын маанисиз өлтүрүү токтогонго чейин Ирандын расмий өкүлдөрү менен болгон бардык жолугушууларды жокко чыгардым. Жардам жолдо!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.

Айта кетсек, Иранда нааразычылык акциялары декабрдын аягында улуттук валютанын кескин арзандашынан жана баалардын тез өсүшүнөн улам башталган. Нааразычылыкка чыккандар саясий режимди алмаштырууну жана 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин бийликке келишин талап кылышууда.

Тегеран нааразычылык акцияларын АКШ менен Израил уюштуруп жатат деп айыптоодо.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан