Ош. "Форестер" фирмасын тоногондор кармалды

1-январда Ош шаарында жайгашкан “Форестер” ишканасына уурулар кирип, 6 миллион сомго жакын акчаны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымдалган эле. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1991-жылы туулган Ош шаарынын эки жараны кармалды. Бул тууралуу кечээ, 21-январда Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, биринин үйүнөн 1276500 сом, экинчисинен 745 000 сом акча далил катары табылган. Калган сумма шериктеринде экендигин айтып, көрсөтмө беришкен.

 "Учурда бул кылмышка шектүү шериктеринин өздүктөрү аныкталып, издөө жарыяланды. Кармалган экөө убактылуу кармалуучу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168 жана 172-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандардын бири, 1991-жылы туулган Х.М. мурда бул фирмада иштеп кеткендигине байланыштуу, ишкана тууралуу толук маалыматка ээ болгон",- деди Сыдыков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан