Бүгүн, 14-январда Таиландда курулуш краны жүргүнчү ташыган поезддин үстүнө кулап түшүп, кеминде 22 адам көз жумду. Ал эми 55 адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кырсык Накхонратчасима провинциясынын Сикхио аймагында болду. Анда Тай - Кытай жогорку ылдамдыктагы темир жолунун көпүрөсүн курууда колдонулуп жаткан кран поезд өтүп бара жаткан учурда кулап түшкөн. Поездде болжол менен 190 жүргүнчү болгон.
Куткаруучулар жабыркагандарды вагондордон чыгарышууда.