Бүгүн, 14-январда саат 09:50 чамасында Бишкек - Ош унаа жолунун 428 чакырымында мазут ташыган жүк ташуучу унаанын рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кетти. Бул тууралуу "Кыргызавтожол - Түштүк" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, окуянын кесепетинен жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу бар.
Мекеме айдоочуларды алыс жолго аттануу алдында унаалардын техникалык абалын текшертүүгө чакырат.