Казакстанда окуучулар мугалимин кыз узатуу учурунда куттуктап келишти.
Интернет желесине тараган видеодон алгач экрандан окуучулардын видео куттуктоосун көрүүгө болот. Андан кийин балдар гүл көтөрүп залга киришти. Мугалим окуучуларын көрүп, сүйүнүчтөн көзүнө жаш алган.
Бул окуя социалдык тармактарда жылуу кабыл алынып, көптөгөн жакшы пикирлер жазылууда.