Өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү күн кескин сууктап, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Аталган күндөргө күтүлгөн аба ырайы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9... -14, күндүз -1... -6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2… -7, күндүз -2... +3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7... -12, күндүз -4... +1;
Нарын облусунда түнкүсүн -23... -28, күндүз -9... -14;
Бишкек шаарында түнкүсүн -7... -9, күндүз -3... -5.