Бишкекте жолдо орун алган чырда башка айдоочуну тапанча менен коркутуп, андан соң унаасы менен изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы кабарлады.
Маалым болгондой, ал 1975-жылы туулган жаран болуп чыкты. Шектүү райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Чыр-чатак учурунда колдонулган тапанча алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.
Айта кетсек, жолдо эки айдоочунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин тапанча менен коркуткан.