Таиланддын Накхонратчасим провинциясында курулуш краны поездге кулап, кеминде 22 адам каза болуп, дагы 64 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, темир жол куруу үчүн колдонулуп жаткан кран Бангкоктон Убонратчатхани провинциясына бара жаткан поездге кулап түшкөн. Поезд рельстен чыгып, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгү айтылды. Кырсык болгон учурда поездде 195 адам болгон.
Бийлик окуя боюнча иликтөө башталганын маалымдаган.