Биз социалдык тармакта

Баңгизат сатууга шектелип 20 жаштагы эки жигит кармалды 

Бишкекте баңгизат каражаттарын сатууга шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 31-декабрында райондук милицияга белгисиз жарандар наркотикалык заттарды таратып жүрүшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт катталып, текшерүү иши башталган.

Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан 20 жаштагы эки жигит А.Н. жана А.Ы. кармалып, алар өз ыктыяры менен ичинде белгисиз зат бар, кара түстөгү изолента менен оролгон 36 даана түйүнчөктү өткөрүп беришкен.

Учурда шектүү жарандарга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан