Биз социалдык тармакта

"Евразия Кыргызстан" уюму менен орус тилинин Евразиялык борбору Бишкектеги социалдык мекемелерде майрам уюштурушту 

"Евразия Кыргызстан" уюму менен орус тилинин Евразиялык борбору Бишкектеги социалдык мекемелерде майрам уюштурушту. Кайрымдуулук акциясынын жүрүшүндө "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборуна, "Келечек" реабилитациялык борборуна жана "Үмүт үйү" муниципалдык социалдык мекемесине эң керектүү тиричилик техникалары жана азык-түлүктөр берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган борбордун балдарына маданий программа уюштурулуп, Орус тилинин Евразиялык борбору студенттери тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок, ошондой эле кичинекей балдар үчүн атайын оюндар ойнотулду.

Реабилитациялык борборлорго берилген азык-түлүктөрдүн баары "Евразия" социалдык дүкөнүнүн атынан берилди.

Демилгенин максаты – Кыргызстандагы социалдык мекемелерге практикалык жардам көрсөтүү, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу, балдарга жана турмуштук оор кырдаалга туш болгондорго колдоо көрсөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан