Биз социалдык тармакта

"Ош базардагы" этти дүң сатуучу жай башка базарга көчүрүлдү

Бишкектеги "Ош базарында" жайгашкан этти дүңүнөн сатуу жайы ушул жылдын 14-январынан тарта ишин токтотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мындан ары борбор калаадагы этти дүң сатуу Биринчи май районунун Маевка аймагындагы «Алтын-Така» мал базар комплексиндеги «Чүйгүн» эт павильонунда жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, мындай өзгөртүүлөр ветеринардык жана фито-санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо максатында кабыл алынган. Бул чаралар эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоого жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
Жаңы «Чүйгүн» эт павильону жалпы 800 чарчы метрди ээлеп, санитардык-гигиеналык талаптарга толук жооп берет. Павильондо төмөнкү объекттер каралган:
  • Ветеринардык кызматтын кеңсеси жана лабораториясы
  • Карантиндик эт сактоочу жай
  • 90 чарчы метрлик муздаткыч камера
  • Башка кызмат көрсөтүүчү бөлмөлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан