
Агартуу министри
Догдуркүл Кендирбаева Талас районундагы “Тайкүлүк” балдар бакчасына иш сапары менен барып, жылытуу системасы менен таанышты. Бул тууралуу мекменин басма сөз кызматы маалымдайт.
Берилген маалыматка ылайык, бакчада табигый жол менен иштеген “суу–суу” жылытуу системасы орнотулган. Башкача айтканда, жер алдындагы суудан жылуулук алынып, мекеме жылытылат. Аталган ыкма экономикалык жактан да, экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат.
"Бул жылытуу системасын колдонуу ыкмасын башка билим берүү уюмдарына жайылтуу максатында республикалык деңгээлде семинар уюштуруу зарыл", - деп билдирет министр билдирүүдө.