Биз социалдык тармакта

Өткөн жылы Кыргызстандан 2088 чет элдик жаран депортацияланды

2025-жылы Кыргызстандан 2088 чет элдик жаран депортацияланды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев басма сөз жыйынында билдирди. Депортация 29 атайын рейс аркылуу алты маршрут боюнча жүргүзүлдү.

Министрдин айтымында, 2025-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө "бир терезе" принцибинде бирдиктүү уруксат берүү пилоттук долбоору ишке киргизилген. Жаңы онлайн-системаны колдонуу жеке байланыштарды жокко чыгарып, документтерди берүү мөөнөтүн эки айдан эки жумага чейин кыскарткан, ошондой эле бюджетке түшкөн салыктын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берген.

Андан тышкары ички иштер органдары тарабынан берилген кепилдиктик төлөмдөр эсебинен 243 миллион сомдук каржылык колдоо көрсөтүлүп, чет элдик жарандарды депортациялоо камсыздалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан