Биз социалдык тармакта

Австрияда түрк дүйнөсүнүн маданий мурасы даңазаланды

Австриянын Вена шаарында экинчи ирет уюштурулган “Түрк жумалыгы” эл аралык маданий иш-чарасы ийгиликтүү өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, дипломатиялык миссияларды жана түрк диаспорасын бириктирип, түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурасын таанытты.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысы жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан