Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда өтө турган көчмөндөр оюндарына даярдык талкууланды

Бүгүн, 15-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий маалымат жыйын болду.

Анда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев оюндардын спорттук программасы жана даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалымат жыйынга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов да катышып, уюштуруучулук маселелер жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу тууралуу айтып берди.

Белгилесек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт. Ачылыш аземи Бишкекте, ал эми негизги мелдештер жана жабылуу аземи Ысык-Көлдө уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан