Бишкек шаарында кийим тигүүчү цехтердин бири күйүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 22-январда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 21-январда саат 10:08дер чамасында катталган. Өрттүн кесепетинен цехтин 25 чарчы метр чатыры, 13 даана кийим тигүүчү машина күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.