
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын көл жээгинен 30 даана балык менен 3 жаранды кармашты. Бул тууралуу 15-январда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, кармалган жарандар аталган райондун 1984-жылы туулган А.Б., 1977-жылы туулган Д.Ж. жана 1983-жылы туулган М.Г. аттуу тургундары экени аныкталды.
Бул факт Жети-Өгүз РИИБинин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Эске сала кетсек, буга чейин Түп районунун "Маслозавод" куймасынан жана Фрунзе айылынын көл жээгинен мыйзамсыз балык уулоого аракет кылган жарандар кармалып, айып пул салынган болчу.