Чолпон Шамсутдин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
Чолпон Шамсутдин бүгүн, 15-январда жалпы кызматкерлерге расмий түрдө тааныштырылган.
"Буга чейин Чолпон Шамсутдин департаменттин директорунун орун басары болуп иштеген жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндө чоң тажрыйбага ээ.
Кесиптик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, алдыга койгон милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашырууну жана бекем ден соолукту каалайбыз", -деп билдирген басма сөз кызматы.