Биз социалдык тармакта

Пакистанда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу маселелери талкууланды

13-январда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Кылычбек Султан Пакистандын Улуттук мурас жана маданият боюнча министри Аурангзеб Хан Хичи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. Айрыкча Кыргызстандын Пакистандагы маданият күндөрүн уюштуруунун практикалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган маданий иш-чараны даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоо максатында биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашылды. Мындан тышкары, тараптар Нооруз майрамын белгилөөнү камтыган биргелешкен маданий иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу ниетин билдиришти.

Тараптар маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө маанилүү кадам болорун белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан