Биз социалдык тармакта

Депутат мопед айдагандардан айдоочулук күбөлүк талап кылуу катаал болорун айтты (видео)

Мопед айдагандардан айдоочулук күбөлүк талап кылуу катаал болорун бүгүн, 15-январда депутат Алишер Козуев билдирди.

Эл өкүлү мындай мыйзам кабыл алынса, ишке ашырууда айрыкча аймактардагы жарандарга катаал болорун белгиледи.

"Сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда мопеддерди милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аларды айдагандардан айдоочулук күбөлүк талап кылуу сунушталып жатат. Бул мыйзам кабыл алынып, массалык түрдө ишке ашыруу башталганда, айрыкча аймактардагы, региондордогу жарандарга катаал болбойбу? Башында жеңилдетилген шарттар каралабы? Ушул боюнча сунуш берели, карап көрүңүздөр", - деди депутат.

Ал эми "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлү Тынчтыкбек Саидов жеңилдиктер каралбаганын айтып өттү.

Депутат мопед айдагандардан айдоочулук күбөлүк талап кылуу катаал болорун айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан