Бишкек шаарында дем алыш күндөрү, тактап айтканда, 17-18-декабрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өтүп жаткан жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаардык мэриясы менен министрлик тарабынан уюштурулууда.
Жарманкенин негизги максаты - баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу.
Жарманке өтө турган даректер: