
World Air Quality эл аралык рейтингинин 16:40тагы маалыматына ылайык, Бишкек абанын сапаты эң начар шаарлардын катарында биринчи орунду ээледи.
Рейтингде шаардын абалы "кооптуу" деп бааланган. Сайттын маалыматына ылайык, абанын сапат индекси 350 AQI түзөт. Бул маалымат реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат.

Абанын сапат индекси (AQI) алты категорияга бөлүнөт жана алар ден соолукка болгон коркунучтун деңгээлин көрсөтөт. 300дөн жогору AQI көрсөткүчү абанын сапаты өтө кооптуу экенин билдирсе, 50дөн төмөн көрсөткүч абанын жакшы экенин көрсөтөт.
Адистер мындай шартта жарандарга мүмкүн болушунча сыртта көп жүрбөөнү, өзгөчө балдарга, улгайган адамдарга жана дем алуу органдарынын оорулары бар жарандарга сак болууну сунушташат.