Биз социалдык тармакта

Унаа токтото турган жайы жок болсо... Өзгөндө коомдук тамактануу жайлары үчүн жаңы талаптар киргизилди

Өзгөн шаарында автоунаа токтотуучу жайы жок кафе жана башка коомдук тамактануу жайлары жабылууга дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэри Элдос Таев жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.

Мэрдин айтымында, шаардагы ар бир коомдук тамактануу жайы ишкерлер тарабынан унаа токтотуучу жай менен камсыздалышы керек. Бул талаптын жоктугу шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратат жана транспорттук кырдаалды кескин начарлатат.

Шаар башчысы белгилегендей, бул талап бардык ишкерлер үчүн бирдей болот жана чаралар шаардык инфраструктураны тартипке келтирүүгө жана тургундардын жашоо ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан