Сокулук районунда азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында бүгүн, 22-январда Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 2 унаа тартылып, 4 саатта араң өчүрүлгөн. Анын кесепетинен 65 чарчы метр дүкөн толугу менен күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.