Вьетнамдын Нячанг шаарында 31 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда Вьетнамдын укук коргоо органдары тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал эми ТИМ каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, аларга тынымсыз жардам көрсөтүп турат.
Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Вьетнамдын компетенттүү органдары менен ыкчам байланышта болуп, ошондой эле Жүк-200дү мекенине жөнөтүүнү уюштуруу боюнча зарыл консулдук иштерди жүргүзүүдө.
Аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.