Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым турак жайларында, социалдык мекемелеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу 16-январда шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу 3, 4, 5, 7, 8, 9 жана 10-кичи райондо өчүрүлөт.

Ошондой эле төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта: Айтматов проспекти – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспекти – Токтоналиев көчөсү – Ата түрк паркы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн дарыясы – Түштүк чоң Чүй каналы – Байтик Баатыр көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Семетей көчөлөрүндө да өчүрүлөт.

Муниципалитет жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан