Биз социалдык тармакта

Бишкектеги массалык уулануу: Жабыркагандардын абалы белгилүү болду

Бишкектеги массалык уулануудан жабыркагандардын учурдагы абалы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүн, 16-январдагы маалыматына ылайык, жабыркагандардын жалпы саны 23 адамды түзөт, алардын 5и балдар. 18 адам ооруканага жаткырылып, бейтаптардын абалы туруктуу. Ал эми 5 адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлгөн.

Министрлик тамактануучу жай "Даамдуу" аталышындагы тез татым ашканасы экендигин тастыктады.

Эскерте кетсек, аталган жай учурда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан текшерилип, жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан