Биз социалдык тармакта

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна жүк артка кайтарылды

Ошто Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна малдын тузу Кыргызстанга киргизилген жок.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, ал жердеги текшерүүдө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт.

Жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча акты түзүлүп, товар кайра артка жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан