Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы окуучуну сабаган мугалимдин окуясы боюнча текшерүү жүргүздү 

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы №87 мектепте мугалим окуучуга кол көтөрүп, сабак үйрөтүп жаткан окуяга байланыштуу текшерүү жүргүздү.

Комиссиялык текшерүүгө мэриянын Билим берүү департаменти, райондук Билим берүү башкармалыгы катышты.

Мекемеден текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлашты.

Айта кетсек, социалдык тармактарда окуучуну уруп, сабак үйрөтүп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Буга удаа Агартуу министрлиги окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштер башталганын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан