
Өлкө аймагында 1 суткада, 15-январда 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 8 күжүрмөн эсеп тартылды.