"Кафе, ресторандарда тейлөө үчүн кошумча акы алынбасын деген токтом киргизилди. Биз муну дайыма көзөмөлгө алып турабыз. Өлкөнүн жети облусунда биздин өкүлдөр бар, алар кошумча акы алынган же алынбаганына маниторинг жүргүзүп турушат. Эгерде мыйзам бузуулар каттала турган болсо, биринчи түшүндүрүү жүргүзүп, эскертүү беребиз. Ал эми экинчи жолу катталса жазма буйрук беребиз. Ошондон кийин аларга соода эрежелерин бузганы үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат",- деген ал.