Жогорку Кеңеште оор кылмыштарды кечирбөө боюнча мыйзамды кайрадан добушка коюу сунушталды. Буга Алтынбек Сулайманов каршы чыкты  

Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында депутаттар оор кылмыштарды кечирбөөгө тийиштүү мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюу сунушталды. Депутат Асия Сасыкбаева “өткөндө добуш берүүдө көпчүлүк жыйынга катышпаган депутаттардын ордуна башка депутаттар каршы деп добуш берип коюптур”,- деди. Депутат Майрамкүл Тиленчиева муну колдоду. “Менин эч кандай бизнесим жок. Бирок башка бирөөлөрдүн айынан бизди теледен коррупционер деп жамандоодо”,- деди ал.

Ал эми Алтынбек Сулайманов мыйзамды кайрадан добушка коюуга каршы. “Башка учурда мыйзамдар ушинтип эле өтүп кетип жатпайбы? Эмне үчүнбул мыйзамга кайрылып келишибиз керек? Туура эмес болуп калат”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 15-январда "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорду депутаттар колдобой коюшкан. Бирок эртеси көпчүлүк депутаттар ордуна башка депутат добуш бергенин айтып чыгышкан. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан