Эртең, 17-январда өлкө аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5... -10, күндүз -1... -6;
- Талас жергесинде түнкүсүн -5... -10, күндүз 0... -5;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4... +1, күндүз -2... +3;
- Нарын аймагында түнкүсүн -16... -21, күндүз -6... -11;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн -2... -7, күндүз -1... +4;
- Бишкек шаарында түнкүсүн -6... -8, күндүз -3... -5.